Ысык-Көл облусундагы "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казыш үчүн берилгени белгилүү болду. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыкты. Бирок "Кыргыз алтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, ошол эле кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлө турганын айтты.
Бул маселенин биринчи жолу көтөрүлүп жатпаганы да коомчулуктун эсинде. 2012-жылы өкмөт башчы болуп турган Өмүрбек Бабанов "Кумтөргө" 16 миң гектар жерди бөлүп берүү тууралуу 2009-жылы кол коюлган токтомду жокко чыгарган. Учурда бул маалыматтын тегерегинде социалдык тармакта учурдагы өкмөттү сындаган кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат.
SUPER.KG порталы "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казыш үчүн берилгени айтылды. Коруктун аймагын кен казууга берүү туурабы?" деген собол салды.
"Жашылдар партиясынын" төрагасы Эркин Бөлөкбаев коруктун аймагын кен казууга берүү туура эмес экенин белгиледи. "Коруктун аймагында чалгындоо иштерин жүргүзүү табиятка зыянын тийгизет. Азырынча документтер менен толук тааныша элекмин. Бирок негизи эле коруктун аймагын кен казууга берүү туура эмес. Бийлик дагы мындай кадам туура эмес экенин жакшы билет", - дейт Бөлөкбаев.