Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Ушул жылдын күз айларында Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналып өткөрүлүп, анда сүрөтчүлөрдүн көргөзмөлөрү уюштурулат. Ошондой эле, “Тоолор кулаганда” аттуу адабий кече өткөрүлөт. Мындан сырткары 2 өлкөнүн кино жумалыгы да уюштурулат. Ага Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын, Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрынын, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын, С.Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрынын артисттери конок катары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан