Депутаттар "Кыргыз алтындын" башчысынын жоопкерчилигин кароо керектигин айтышты

Депутаттар Солтон-Сары алтын кениндеги чыр боюнча маселени кароону кийинкиге жылдырууну сунушташты. Алар "Кыргыз алтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков комитет жыйынына келбей койгонуна нааразы болушту. Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйыны өтүп жатат.

Анда депутат Кожобек Рыспаев "Кыргыз алтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков комитет жыйынга келбей койгону боюнча түшүндүрмө беришин талап кылды. "Буга чейин комитет кызматкерлери аны чакырса, кабылдамасындагылар Солтон-Сары алтын кениндеги чыр боюнча маселеге "Кыргыз алтындын" тиешеси жок экенин айтышыптыр. Өкмөт эмнеге эле аны коргой берет? "Кыргыз алтындын" жетекчисине сурообуз бар болчу. Жыйындын башталышында чакырсак дагы келген жок", - деди Кожобек Рыспаев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов аны эч ким колдобогонун билдирди. Депутат Бактыбек Турусбеков жыйынды уланта берүүнү сунуштады. Учурда Солтон-Сары алтын кениндеги чыр жана учурдагы кырдаал жөнүндө маселе каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан