Ысык-Көл облусундагы "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казыш үчүн берилгени белгилүү болду. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыкты. Бирок "Кыргыз алтын" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, ошол эле кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлө турганын айтты.
Бул маселенин биринчи жолу көтөрүлүп жатпаганы да коомчулуктун эсинде. 2012-жылы өкмөт башчы болуп турган Өмүрбек Бабанов "Кумтөргө" 16 миң гектар жерди бөлүп берүү тууралуу 2009-жылы кол коюлган токтомду жокко чыгарган. Учурда бул маалыматтын тегерегинде социалдык тармакта учурдагы өкмөттү сындаган кызуу талаш-тартыштар жүрүп жатат.
SUPER.KG порталы "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казыш үчүн берилгени айтылды. Коруктун аймагын кен казууга берүү туурабы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев коруктун аймагы кен казууга берилбеши керек деген пикирин айтты. "Бул боюнча биз өкмөткө суроо-талап жөнөттүк. "Сары-Чат - Ээр-Таш" коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты кен казыш үчүн берилди деген маалыматтан алысмын. Анткени "Кыргыз алтындын" жетекчиси чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, ошол эле кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлөт деп айтты. Негизи коруктун аймагы кен казууга берилбеши керек", - дейт Рыспаев.