Орусияда кырсыкка кабылган автобустун айрым жүргүнчүлөрүн куткарып калган кыргыз жигити сыйланды

Орусиянын Пермь шаарында кырсыкка кабылган автобустагы жабырлануучулардын айрымдарын куткарып калган 20 жаштагы Бекзат Максатбек уулу сыйланды. Кыргыз жигитин Пермь аймагы боюнча ИИМдин коомдук кеңешине чакырып, ыраазычылык кат жана китеп тапшырган. Мындай маалыматты орус басылмалары жазып чыгышты.

Жол кырсыгы 17-августта болгон. Анда автобустун айдоочусу дүкөндүн дубалын сүзүп, 32 жүргүнчү жабыркап, 1 адам каза тапкан. Бекзат Максатбек уулу окуянын күбөсү болгон жана биринчилерден болуп жардамга чуркап барган. Ал кырсык тууралуу жана жабырлануучуларды кантип куткарып калганы боюнча журналисттерге айтып берген.

20 жаштагы Бекзат Максатбек уулу таксист болуп иштейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aerforce
2019-09-04 09:33:09
биринчиден болуп деп өзбек баланы сылашып кодуго өткөндө эле видеодон көрүнүп турсада каяктан болбосун өзүбектер өзүн тыга калатда
+2
patrol-kg
2019-09-04 22:36:00
aerforce,хитражопыйларда алар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан