Дания өкмөтү цирктерде оюн көрсөткөн пилдерди бошотуу үчүн сатып алат

Дания өкмөтү өлкө ичиндеги цирктерде оюн көрсөткөн пилдерди бошотуу үчүн сатып алат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Дания өкмөтү өлкөдөгү эки циркте узак убакыттан бери оюн көргөзүп келген 4 пилди бошотуу үчүн 1 жарым миллион евро сунуштады. Аталган мамлекеттин курчап турган чөйрөнү коргоо министри Могенс Йенсен парламентте циркте жапайы жаныбарлардын оюн көрсөтүүсүнө тыюу салууну сунуштаган. Алардын катарына пилдер дагы кирген. Азыркы убакта лара, жунгли жана женни пилдери "Arena" циркинде, ал эми рамболина аталышындагы пил "Trapez'де".

Өкмөт пилдерди оюн-зоок тартылоочу өндүрүштөн алып, Кнутенборг сафари-паркына коё берүү үчүн 11 миллион крон (113,41 миллион сом) бөлүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2019-09-05 08:32:04
Конуп калган пилдер булар эркиндикте өлүп калышпайбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан