Эң көп зыян алып келет деп атыгып жаткан "Дориан" куюну Багама аралдарын кыйроого учуратты. Метеорологдор шамалдын максималдуу тездиги саатына 300 чакырымга чейин жеткенин айтышууда. 3-сентябрда табигый кырсыктын айынан алдын ала маалыматтар боюнча 5 адам каза болгон. Баш-аягы 10 миңден ашуун үйлөр талкаланган. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
"Дориан" келтирген зыяндын көлөмү 40 миллиард долларга жетиши мүмкүн дешүүдө. Буга чейин мындай ири талкалоо менен коштолгон куюн 2007-жылдагы "Мария" болгон. Анда 25 миллиард доллардан ашуун зыян келтирилген. Ал эми АКШнын тарыхындагы эң чоң кыйроо алып келген куюн 2005-жылдагы "Катрина" болгон. Анын кесепетинен 108 миллиард доллар зыян тартуу эсептелген.
Багама аралдары АКШнын Флорида штатынын түштүк чыгышында, Кариб деңизи менен Кубанын түндүк жагында жайгашкан. Архипелагга 700дөй арал кирет, анын 30унда гана адам жашайт.