Кыргызстандык балбан Азамат Бараков Германияда өтө турган “Супер талант” сынагына катышат

Кыргызстандык балбан Азамат Бараков Германияда өтө турган “Супер талант” сынагына катышат. Бул тууралуу балбан өзү билдирди. Айтымында, сынак 14-18-август күндөрү Германиянын Висбаден шаарында өтөт. “Ал жакка Алыш федерациясынын жетекчиси Алманбет Анапияев, “Замандаш” ассоциациясынын колдоосу менен барып, кастингден өтүп кеттим. Эми 1-айлампага катышам. Өнөрүмдү тартуулап, баш байгеге коюлган 100 миң еврону утам деген тилегим бар. Кастингге миллиондон ашык киши барып, алардын арасынан 100гө жакын адам өттүк”,- деди Азамат мырза. Балбан тандоо турунда күрөктү өзүнүн башына чаап сындырганын, 2 көмөч казанды колу менен бүктөгөнүн, аларга мык кагып киргизип, кайра сууруганын айтты. Ошондой эле жаш балбан Ауди жеңил унаасын сүйрөдү. Жиптин учуна кылыч байлануу болчу, алаканын анын мизи кескен жок.

Азамат Бараков Германияда өзүн көргөзөт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
arzuu1
2013-08-08 19:17:58
азамат ийгилик
0
Debi
2013-08-08 20:10:46
Укмуш!
0
jizbiz
2013-08-08 20:48:50
мендей эле арык экен, бул балада озгочо энергия бар болуш керек анда.
+1
Sezy
2013-08-08 21:22:20
Tash chainardyn sapernigi turbaiby anda.
0
Kyzyl-Unkur
2013-08-09 07:53:27
Sezy, бир телекорсотуудон чыккан бул бала, Ташчайнардан ашса ашат, кем калбай тургандай го казанды буктогондон кийин!

Азамат!!! Алга КЫРГЫЗЫМ!!!
0
Nurbatken
2013-08-09 00:03:41
Баракелде Кыргыз элини тааныта бер Ааламга Аллах Таала куч кубат берсин
0
nur_kg94
2013-08-09 00:22:39
Маладес
0
Damirbek-KG
2013-08-09 01:43:47
укмушко
+1
doni89
2013-08-09 05:41:21
Талантың ташкындай берсин ошол 100миң эврону утуп кел...
0
Speznaz41
2013-08-09 10:51:06
Ийгилик,азаматсын аллах куч кубат берсин.
0
Aviator
2013-08-09 13:56:31
Ийгиликке жет.
0
nurik9090
2013-08-10 07:43:38
ийгилик жаратып кел Кыргыздын ким екенин дагы бир корсотуп койгун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан