Социалдык тармактарда контейнер-мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкууга алынууда. Бул 6 контейнерде бүгүнкү күндө 172 бала билим алып жатканы белгилүү болду. Мамлекеттик бюджеттин 20 пайызы жумшалган билим берүү тармагын көпчүлүк сынга алып жатат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Нарындагы контейнер-мектеп талкууга түштү. Бул бюджеттин 20 пайызын билим берүү тармагына жумшаган өлкөгө жараша турган көрүнүшпү?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев 21-кылымда балдарды контейнерге окутуу уят иш деген пикирде. "Контейнер-мектеп тууралуу угуп таң калдык. Кыргыз мамлекетинин экономикасы, курулуп бүткөн мектептердин сандары күндөн-күнгө өсүп жатат. Бул көйгөйдү Билим берүү жана илим министрлиги, айылдык кеңеш көтөрүп чыгышы керек эле. Алар убагында бул маселени көтөрсө, мектеп куруп берүүгө акча бөлүнүп, планга киргизилмек. Балдардын контейнер-мектепте билим алышы Билим берүү министрлигинин шалаакылыгы", - дейт Токтошев.