Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Чиновниктер контейнерге отуруп, балдарга өздөрүнүн имаратын бериш керек болчу". КҮНСОБОЛ

Социалдык тармактарда контейнер-мектептин ачылыш аземинен тартылып алынган сүрөт талкууга алынууда. Бул 6 контейнерде бүгүнкү күндө 172 бала билим алып жатканы белгилүү болду. Мамлекеттик бюджеттин 20 пайызы жумшалган билим берүү тармагын көпчүлүк сынга алып жатат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Нарындагы контейнер-мектеп талкууга түштү. Бул бюджеттин 20 пайызын билим берүү тармагына жумшаган өлкөгө жараша турган көрүнүшпү?" деген собол салды.

Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, балдардын контейнерде окуганы өкүнүчтүү. "Нарында аба ырайы суук. Балдар контейнерде кантип окуйт? Бийликтегилер келечек тууралуу ойлонушу керек, санариптештирүүгө өтүү зарыл деп айтып калышат. Бирок баары айтылып эле ишке ашпай жатат. Чоңдор отуруп алып өздөрүнүн соода борборун курганга акча табат, биздин балдарыбызга мектеп салганга акча табылбаганы өкүнүчтүү. Чиновниктер контейнерге отуруп, балдарга өздөрүнүн имаратын бериш керек болчу", - дейт Ошурахунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан