Блогер Юрий Дудь видеосунда каарманынын Инстаграм баракчасын көрсөткөн. Эки күндүн ичинде ал баракчанын окурманы 400дөн 40 миңге өстү

Орусиялык белгилүү видеоблогер Юрий Дудь 2-сентябрь күнү Ютубдагы каналына Беслан тууралуу тасмасын жарыялаган. Бул тасма учурда миллиондогон кароо жаратуу менен бирге анда баяндалган каармандар да көңүл борборунда болуп жатышат. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Тасмада Беслан окуясында жабыркаган Марина Дучко аттуу аялдын тагдыры көрсөтүлөт. Ал теракттан кийин майып болуп калган. Мүңкүрөп отуруп калуунун ордуна каарман күнүмдүк турмушунун муктаждыгына, дарылануусуна деп фиалка гүлүн өстүрүп, аны сатууга киришкен. Чакан ишкердигин Инстаграмда ачкан баракчасы аркылуу жүргүзөрүн айтып берет. Дудь тасмасында дал ушул Дучконун баракчасын бадырайтып көрсөтүп, коомчулукту андан гүл сатып алууга чакырган. Эки күндүн ичинде каармандын баракчасынын окурмандары 100 эсеге көбөйгөн, ал эми колдоо иретинде жазылган комментарийлердин саны миңдеп саналат. Тасма жарыяланганга чейин Дучконун баракчасында 400дөй гана окурман болгон, азыркы тапта алардын саны 40 миңден ашат.

Окурмандар гана эмес, каармандын гүлүн сатып алуучулар да кезекке туруп калышкан. "Гүлдөрүмдүн баары сатылып кетти! Буюртмалар да түшүп жатат. Тээ кийинки жылга чейин жетчү буюртмалар айтылды" деген Дучко. Каарман аны колдогон бардык адамдарга ыраазычылык билдирген.

Маалымат үчүн: 2004-жылдын 1-сентябрь күнү Түндүк Осетиянын Беслан шаарында жайгашкан мектеп террорчулар тарабынан барымтага алынган. Баардыгы биригип 1128 адам эки жарым сутка бою барымтада кармалышып, үчүнчү күнү чабуулдун жыйынтыгында бошотулган. Терактта 314 киши набыт болгон, анын 186сы балдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dembele84
2019-09-04 20:22:00
Озу Юрий Дудь орусиядагы эн популярдуу блогерлердин бири,анын контенти ото сапаттуу и жакшы видеолорду чыгарат.
+1
Suzak12
2019-09-04 21:03:27
Dembele84,Туура айтасын.
+1
Wibee
2019-09-04 20:58:49
Иттин итибайы блогер азыр
0
asdef
2019-09-05 03:45:07
Юрий будет дудь
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан