1999-жылы жоголгон Беларусь жараны Юлия Горгина 20 жылдан кийин ата-энесин тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Кыз ата-энеси менен 4 жашында Минск-Осиповичи поездинде бара жатып жоголуп кеткен. Милиция аны издеп, эч тапкан эмес. Жоголуп кеткен кызды бакма ата-энелер багып алышкан.
"Кызды табууга жаңы таанышкан жигит жардам берген. Горгина ага өзү жөнүндө айтып бергенде, ал интернет аркылуу маалымат издеп көргөн. Ушул жылдын 16-майында ал бардык маалыматты таап, кыздын өз ата-энесине байланыштырган. 3 күндөн кийин ДНК-тест Горгинанын чыныгы ата-энесин тапкандыгын тастыктаган. Юлия бир канча күн бою жашын тыя алган эмес", - деп жазылат маалыматта.
Кыз бакма ата-энесин да, чыныгы ата-энесине да ыраазычылыгын билдирген.