Дүйнөдөгү жашоо шарты эң ыңгайлуу болгон шаар аталды. Экономика боюнча саресеп кылган "The Economist Intelligence Unit" порталы дүйнөнүн 140 шаарын иликтеген.
Рейтингди түзүүдө шаарлардын өнүгүүсү, айлана-чөйрөсү, жашоочулардын ден соолугу, билим тармагы жана инфраструктура көрсөткүчтөрү каралган. Жыйынтыгында, рейтингдин сап башын Австриянын Вена шаары ээлеген. Өткөн жылы да бул шаар биринчи орунду ээлеген. Алдыңкы ондукка Мельбурн, Сидней, Осака, Калгари, Ванкувер, Торонто, Токио, Копенгаген жана Аделаида шаарлары кирген.
Ал эми шарты эң начар шаарлар тизмесин Дамаск (Сирия), Лагос (Нигерия) жана Дакка (Бангладеш) шаарлары ээлеген.