"Кайдыгер эмес жарандарга ыраазычылык билдиребиз! Бирок мектепти өзүбүз курабыз" дейт өкмөт

Нарындагы контейнер-мектептин ачылышынан кийин кайдыгер эмес жарандар жаңысын курууга каражат, курулуш шаймандарын чогултууну демилгелеп чыккан. Жарандардын бул демилгесинен кийин Нарын районундагы Кеңеш айылындагы мектепти өкмөт өзү курарын билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлады.

"Белгилүү болгондой, бир канча жылдар бою балдар бакчасын, мектептерди курууга тийиштүү көңүл бөлүнгөн эмес. Учурда абал жакшы жагына өзгөргөн. Нарын районуна караштуу Кеңеш айылына жаңы мектепти курууну демилгелеген активисттерге ыраазычылык билдиребиз. Бирок Кыргыз Республикасынын өкмөтү жаңы мектепти куруу маселесин өзү чечет. Кеңеш айылына салынуучу мектептин долбоору иштелип чыгып, сметасы түзүлдү. Ал эми курулуш иштери 2020-жылы башталары пландалууда", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле өкмөт жакынкы жылдар аралыгында авариялык абалда турган мектептердеги маселелерди чечүүнү колго алат. Алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн бардык иш-аракеттер жасаларын кошумчалады.

Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кыйроо абалында турат деп тизмеге киргизген. Мындан улам окуучулардын ал мектепте окуусуна тыюу салган. Учурда аталган айылдагы окуучулар жаңы окуу жылын контейнерде окуу менен баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
osor
2019-09-05 12:28:36
Курганынарда давно куруб коет эленер эми отуруп алык курук соз суйлоп коесунарда элден чогула турган акчаны келсин эле деп отурасынар
0
Dembele84
2019-09-05 12:34:41
Озбек презинденти Манас айылын 45 кундо кандай ондоп койду,а силер хотя бы кышка чейин бир мектеп сала албайсынарбы? 2020-жылы курулуш башталат дебей.Азыр билинбей жатат,кыш келгенде балдар ооруп ото жудойсунор!
+2
kechirmeni
2019-09-05 12:37:48
а эмнеге сразу эле баштабайт,ага чейин контейнерде балдар куруйт го бир жолу, эл быйыл салып улгурот эле андан коро эртелетпейсинерби
+2
Chungyz
2019-09-05 14:53:13
Суйлосо асманда создору
+2
senchi
2019-09-05 16:45:56
Кургунар келгенде мектеп курулмак. Контейнерде окушат деп башка мамлекет корсо, чет жерде иштегендер башты ылдый кылып журобуз уялып.
+2
elchi84
2019-09-05 17:58:48
Өкмөт дагы эптеп убакыт өткөрүп айлык жүрүшөт да жепжутарларга окшоп.Эптеп кун өтсө болду!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан