Ак-Босого жаңы конушунан эки баласы менен жолдон өтүп бара жаткан аялды унаа сузуп, 3 жашар кызынын абалы оор. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда эне-бала жандандыруу бөлүмүндө.
"41 жаштагы аял Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 3 жаштагы кыз №3 балдар ооруканасында. Экөөнүн тең баш мээси чайкалып, денесинде сынган жерлери бар. Учурда абалдары оор", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Окуянын чоо-жайы:
4-сентябрда саат 18:45 чамасында Ак-Босого жаңы конушунда белгисиз унаа Профессор Зима көчөсүндө бара жатып, Архитектурная көчөсүнө бурулганда жөө өтмөктөн жол кырсыгына кабылган. Тактап айтканда, айдоочу 41 жаштагы аялды 3 жана 6 жаштагы балдары менен сүзүп кеткен. Натыйжада аял жана 3 жаштагы бала "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага алынып кетсе, 6 жаштагы кыз окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми айдоочу изин жашырып качып кеткен.