Украинанын өкмөтү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкармалыгын жоюп салууну чечти. Премьер-министр Алексей Гончаруктун айтымында, бул башкармалык көбүнесе бизнестин ишине тоскоолдук жаратып, кийин пара талап кылуу менен алектенген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты.
"Финпол көп учурда сот аркылуу тергөө жүргүзүүгө уруксат алып, кийин тинтүүгө киришип, ишкерлик менен алектенген мекемеден компьютерлерди, документтерди, акчаны алып чыгып кетишет. Мунун айынан ишканалардын иши да токтойт. Андан соң алардан пара талап кылмай башталат. Мындан ары полиция кызматкерлери бизнестин ишине кийлигишпеши керек. Бул биздин министрлер кабинетинин биринчи кадамы", - деген өкмөт башчы.
Премьердин айтымында, жоюла турган башкармалыктын ордуна финансылык кылмыштарды иликтей турган жаңы түзүм негизделет.
Алексей Гончарук 29-августта Украинанын премьерлик кызматына дайындалган. Ал болгону 35 жашта.