Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Аида Зулпукарованын билдирүүсүнө ылайык, Токтогул РИИБинин Баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн оперкызматкерлери тарабынан баңгизат алып жүргөн жаран колго түштү. 2012-жылдын 23-октябрь күнү Токтогул районунун Толук айылына караштуу Туура-Кайың участкасынан Токтогул шаарынын 33 жаштагы тургуну Т.Бны текшерүү учурунда жанынан ак капка салынган 6 килограмм 300 грамм өлчөмүндөгү марихуана табылган. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.