19-августта SUPER.KG'нин "Элдик кабар" рубрикасына окурман "Жалал-Абад шаарындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин абалы" деген сүрөттөрүн жөнөтүп, ал жердеги ажаткананын абалы мышык ыйлай турган көрүнүштө экенин жана бул үчүн уялып жатканын кабарлаган.
Андан көп өтпөй, 21-августта аталган университеттин окуу иштери боюнча проректору Атабек Алибаев кырдаал боюнча айтып, түшүндүрмө бергенин жазганбыз.
Бүгүн, 5-сентябрда Жалал-Абад мамлекеттик университетинин административдик-чарба иштери боюнча проректору Салмоорбек Уметов төмөнкүлөрдү айтып, ажаткананын оңдоо иштеринен кийинки абалын чагылдырган сүрөттөр менен бөлүшүп, төмөнкүдөй түшүндүрмө берди.
“Бизде пландуу оңдоп-түзөөлөр жүрүп жаткан эле. Ошондуктан ажаткананы оңдоого акырында убакыт бөлүндү”, - деди ал.