Британиянын Манчестер шаарында жумушка чыкпай койгон учкучтун ордуна жүргүнчү анын ишин аткарууга туура келген. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Британиялык EasyJet авиакомпаниясынын учагы жана анын жүргүнчүлөрү Манчестерден Испаниянын Аликанте шаарына учуунун алдында күтүлбөгөн жагдайга дуушар болгон. Учкуч жумушка чыкпай коюп, каттам белгисиз мөөнөткө жылдырылмак болуп жаткан учурда Майкл Брэдли аттуу жүргүнчү өз кызматын сунуштаган. Сураштыра келгенде Брэдли ушул эле авиакомпанияда иштеген учкуч болуп чыгып, пилоттун күбөлүгүн көрсөткөн.
Брэдли үй-бүлөсүн алып, Испанияга эс алууга бара жаткан. Жүргүнчүлөр каттоодон өтүп, бирок каттам убагында аткарылбай, эки саатка кармалган. Себеби билинген соң, Брэдли авиакомпанияга "учакты мен деле башкара алам" деп айткан. Текшерүү иштеринен кийин ага уруксат берилген. Ошондой эле авиакомпания суроо менен кайрылган журналисттерге "бул окуя өзгөчө болуп калды жана Брэдлиге жардам бергени үчүн рахмат айтабыз" деген жооп узатышкан.