АКШнын Флорида штатындагы Мельборн шаарынын шаардык Парадайз Бич пляжына бир канча килограмм кокаин катуу толкундан улам жээкке чыгып калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирет.
Патрулдук полицияга жээктен шектүү бир нерселер чыгып калганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барышкан полиция Diamant деген жазуусу бар таңгакта кокаин бар экендигин аныкташкан. Ушул эле жээктен ушундай кокаини бар сумка табылып, полицияга өткөрүлүп берилген. Алардын жалпы баасы 400 миң долларды түзгөн.
Катуу толкун Багама аралдарында болуп жаткан "Дориан" куюнунун кесепетинен болгон. Бир канча күн мурун башталган куюн Флорида штаттарына чейин келип калды.