Мехикодогу жаштар командасы Америкада кеңири жайылган байыркы топ менен ойнолуучу оюнду жандантып жатышат. Анын учурдагы заманбап чыгарылышы “улама” деп аталат.
Бул оюнду кээде Мексиканын жергиликтүү элдери дагы ойношкон. Оюнчулар белине жана жамбаш айланасына жоон кайыштан чүпөрөк байлашат. Оюндун шартында алар 4 килограмм салмактагы топту 6 метр бийиктикке ыргытышат. Байыркы учурда бул оюн ырым-жырымдар менен тыгыз байланышып, ал тургай адамдарды курмандыкка чалууга чейин жеткирген.
Оюнга эки команда катышып, бет кап, күрмө жана кол кап кийишкен. Мексикада 500 жыл мурун испан конкистадорлору аталган оюнду жергиликтүү элдердин ойноосуна тыюу салган. Ал эми азыр алар аталган спорт менен жергиликтүү жаштарды алектендирүүгө аракет жасап, жакыр аймактарга бул оюнду жайылтууну көздөшүүдө.