Акын Муктар Шаханов Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жолугуп, өлкөдөгү айрым көйгөйлөрдү чечкиси келет

Казакстан өлкөсүнүн белгилүү акыны жана коомдук ишмери Муктар Шаханов коомдогу көйгөйлөрдү президентке жеткирүүнү максат кылууда. Бул тууралуу Казакстандагы маалымат каражаттары жазып жатышат.

Азыр жаштардын көпчүлүгү китеп окубайт. Эртеден кечке чейин телефон карашат. Телеканалдарда уяла тургандай мазмундагы, мааниси жок ырлар көрсөтүлөт. Сөздөрү дагы маңызсыз. Каналдар пайдасыз берүүлөргө толгон. Акчанын кулуна айландык, ким канча көп акча төлөсө, аны ошончо көп көрсөтөт”, - деген ал.

Биз азыр абдан ыңгайсыз коомдо жашап жатабыз. Эмнеге адилеттүүлүктү коомго жеткирүүдө калктын көбү тымпыйып эч нерсе айтпайт? Кошомат кылуу, жагалдануу алдыга чыгып кетти”, - деген Шаханов.

Акын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев менен жолугуп, жогорудагы маселелердин чечилүүсүнө салым кошом деп, белсенип турган чагы.

Мындан сырткары, ал Казакстандын өлкө башчысы өзгөчө адам экенин жана анын атасы өзүнүн автордук ырларын жатка айтып, поэзияга жакын болгонун кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан