Ырчы 72 жашында каза болгонун чет элдик басылмалар анын жакындарына таянып жазып чыгышты.
"Ал белгисиз типтеги онкологиялык дарт менен жабыркап келген. Дарты эмне экенин так аныкталбай калды. Ал онкологиялык ооруга чалдыкканы тууралуу ушул жылдын июль айынын соңунда билдик", - деген ырчынын келини Татьяна Путра.
Маркум менен коштошуу зыйнаты 9-сентябрда өтөт.
Юрий Петерсон "Весёлые ребята", "Самоцветы" топторунун жана "Пламя" ансамблинин солисти болгон.