Судан Республикасында тышкы иштер министрлигине аял киши дайындалды. Өлкөнүн премьер-министри Абдалла Хамдук өкмөттүн жаңы курамы менен кечээ, 5-сентябрда тааныштырган. Судандын тышкы иштер министри болуп Асма Абдалла дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, биринчи жолу бул кызматка аял кишинин дайындалганы, араб өлкөлөрүнүн тарых барактарындагы өзгөчө окуя болуп калды.