ЖАМК: "Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев жатак абагына которулду"

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Кылычбек Арпачиев жатак абагына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-сентябрда SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынан билдирди.

"Кылычбек Арпачиев 17-июлда жатак абагына которулду. Жаңы күчүнө кирген кодекстердин негизинде ар бир соттолгон иши кайра каралып, мөөнөтү кыскарып келген экен. Ал мыйзамдын негизинде жатак абагына которулган", - деп билдирди басма сөз кызматынан.

2015-жылдын 19-март күнү Коррупцияга каршы кызматына жеке ишкер кайрылган. Анда ал Башкы прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн 200 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал 2016-жылы 14 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jaznura
2019-09-06 11:39:06
Анан кайда жиберишмек эле? Ушундан да саясат жасабагылачы
-2
Erik2018
2019-09-06 11:42:32
жатака которбой анан эмне курортко котормок беле ууруларга азыр ичинер ачышпай эле койсун
+2
Absamat-90
2019-09-06 11:44:02
14-жыл бош жаткызып койбой иштетуу керек. Кирпич чыккан заводдко. Бироонун эмгегин жеген кандай болоорун билсин.
+2
Suzak12
2019-09-06 11:53:14
Булда убагында канчалаган адамдарды какшатса керек.
+2
Tursunbaev2017
2019-09-06 12:14:49
жатак абак дегени эркиндик дегени
+3
Take_men
2019-09-07 20:30:29
Ушинтип эле койо берет. Жатак абак деген бул колония поселения б а эркиндик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан