Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик сатып алуулар тутумун өркүндөтүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, учурда өкмөт тарабынан ата мекендик товар өндүрүүнү колдоо боюнча иштер жүрүүдө.
Кеңешменин жүрүшүндө өкмөт башчыга мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртууга тийиштүү тапшырмаларды аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдалды. Белгиленгендей, бүгүнкү күнү статистика боюнча бардык эле сатып алуу уюмдарына жеңилдиктер берилбейт. Ушул жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча ийгиликтүү өткөн 47 миң 983 сынактын ичинен сатып алуу уюмдары тарабынан 8 миң 364 сынакка жеңилдик берилген. Бул 17,4 пайызды түзөт.
Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө түп-тамырынан өзгөртүүлөргө жетишүү максатын койгондугун баса көрсөтүп, бардык уюмдар ата мекендик товар өндүрүүчүлөргө жана жалданма компанияларга тиешелүү жеңилдиктерди көрсөтүүсүнө мониторингди күчөтүүнү тапшырды.
Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдиргендей, учурда өлкө аймактарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн электрондук каталогду киргизүү иштери жүрүп жатат. Бул аларга аз көлөмдөгү сатып алуу процедураларына катышууга мүмкүндүк берүү үчүн жасалууда. Бул үчүн алар catalog.gov.kg сайтында каттоодон өтүүгө тийиш. Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө күч-аракеттерди күчөтүү тапшырмасын койгондугун эске алуу менен министрлик тарабынан электрондук каталогду ишке берүү активдештирилди. Аны 2019-жылдын 1-октябрында иштетип баштоо күтүлүүдө.
Премьер-министр ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү, электрондук каталогду өз учурунда ишке берүү чараларын күчөтүүнү тапшырды. Муну менен бирге мамлекеттик сатып алуулар процедураларын өркүндөтүү жана жакшыртуу максатында мамлекеттик сатып алуулар тутумун толук талдоо, бул багытта жумшалган каражаттарды деталдуу карап чыгуу тапшырмасы берилди.