Жалил Атамбаевге "Ош окуясында үйү жабыркаган" деп берилген батирлер мэрияга кайтарылат

Жеке ишкер Жалил Атамбаевге берилген батирлер кайра Ош шаарынын мэриясына кайтарыла турган болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсатаров SUPER.KG порталына билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, массалык маалымат каражаттарында ишкер Жалил Атамбаевге июнь окуясында анын дагы үйү күйүп кетиптир деген негизде 4 батир берилгени боюнча бир топ нааразы пикирлер айтылган. Бул боюнча соттошуу болуп, Жогорку Соттун чечими менен үйлөр мэрияга өткөрүлө турган болду. Бирок батир кайтарылганы менен ал жерде адамдар жашап жатканына байланыштуу аларды үйдөн чыгарып, башка жакка көчүрүү маселеси калды. Маселени сот аткаруучулары чечип, адамдарды көчүрсө, үй бошойт. Батирлер кайтарылгандан кийин алар кимге берилерин түзүлгөн комиссиялык курам чечет”, - деди Абсатаров.

Эске салсак, жеке ишкер, Ош эл аралык аэропортунун милиция кызматынын мурдагы башчысы Жалил Атамбаевге батирлер 2011-жылы берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
katerina.li
2019-09-06 20:56:01
Не болгон жалил атамбаев бул??
+12
Tursunbaev2017
2019-09-06 23:58:55
katerina.li,ким эле бул мамлекеттен уурдап байыган миллионер
+17
medet1983
2019-09-06 21:09:49
Тойбойт экен да бул киши.Оштогу бизнестин жарымынан кобу ушунуку дагы деле тойбоптур.
+27
Tursunbaev2017
2019-09-06 23:58:08
medet1983,эки метр жерге барганда тоёт
+12
Nevestkaa
2019-09-06 21:30:13
Аэропортто иштеп тойбоптур да а?Карапайым адамдардын жүк тагын сыртка алып чыгып таштачу элеңер го кар жаамактан таш жааса дагы буга духуңар жетпедиби?
+17
NURSAPAR
2019-09-06 21:33:56
Ушул Жалилге не жетпейт дейм да... Ээээ көр пенде....
+19
BekAmir
2019-09-06 22:45:36
бул киши олгондо тойот окшойт топуракка
+12
Jaznura
2019-09-07 09:29:26
Ошондо батирлер кимдин учурунда берилген? Бул кишини Атамбаев менен жакшы дешчү эле
+7
altyn-kumush
2019-09-07 09:58:41
Азамат Таалай мырза! Эн жакшы мэр болду. Ал батирлер кантип жана мыйзам чегинде берилгенби ошону да текшерууго алса жакшы болот эле мэрия
+8
kechirmeni
2019-09-07 10:40:47
altyn-kumush, Таалай мырза азамат! Эч кимден коркпой мыйзам чегинде иш алып бара бериш керек,бул кетиште Мелистен отосун.
+8
bessmertiy
2019-09-07 10:56:00
Мэрди мэр болордо базарчы дешти эле. Мэр сонун иштеп атат.
+6
Kumarchik
2019-09-07 11:25:16
Акыретте жооп бере тургандардын 70%пайызы коррупционерлер болсо керек
+3
Nazar76
2019-09-07 18:30:35
Атамбаев айткандай котани окшойт
+2
Azkoni
2019-09-08 11:27:56
Бул кишини жакшы тааныйм.мыйзамсыз жол менен байыган бир жексур.Оштогу заправкалар бут бир туугандарыныкы эле.налог жактан женилдеткен ушул да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан