Кыргыз өлкөсүндө 9-10-сентябрда күн күркүрөп, жаан жаап, тоолуу аймактарга кар түшөт. Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Ал эми эртең, 7-сентябрда өлкөнүн аймактарында күн күркүрөп, жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Бул жакынкы күндөрдөгү туруксуз аба ырайы айыл чарба жана күзгү жыйып-терүү иштерин кыйындатат. Ошондуктан ӨКМ жарандардын сак болуусун эскертет.