Билим берүү жана илим министрлигине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Каныбек Исаковду сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.
Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп эмгектенип келет.
4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.