Индиянын космос изилдөө уюму "Чандраян-2" аппараты Айга конордо аны менен байланыш үзүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Чандраян- 2" Айдын түштүк бетине конмок. Байланыш үзүлгөнгө чейин ракета багытынан жылып кеткен. "Чандраян-2" аппаратынын конуусу түз эфирде көрсөтүлүп жаткан.
Бул аппарат менен байланыш үзүлгөнү менен Айда Индиянын спутниги калган. Ал бир жыл бою Айды сүрөткө тартат.
Бул долбоор ишке ашканда Индия СССР, АКШ жана Кытайдан кийин Айга ракета кондурган төртүнчү мамлекет болуп саналмак. Ушул жылдын апрель айында Израилдин "Берешит" аппараты менен да байланыш үзүлгөн.