UFC 242 турнири дүйнө жүзү боюнча миңдеген күйөрмандарды чогултту. Бул турнирдин эң негизгиси Хабиб - Порье беттешинин айынан үйлөнүү тою да токтоп калган.
Хабиб жеңишинен кийин кайрадан октагонду ашып, секирип өткөн.
Орусиянын Махачкала шаарында күйөрмандар беттешти чоң экранда көрүшкөн жана Тажикстандагы стадиондо чогулган күйөрмандар Нурмагомедовду кызуу колдошкон.