"Сууга салса чөкпөгөн, ташка чапса сынбаган". Nokia "эң чыдамкай" уюлдук телефонду көргөздү

Финляндиянын Nokia компаниясы дүйнөдөгү эң чыдамкай уюлдук телефондорунун бирин Берлиндеги көргөзмөдө көрсөттү. Аталган компания кезинде популярдуу болгон Nokia 3310 телефонунун жаңыланган версиясы Nokia 800 Tough уюлдук аппараты менен тааныштырды.

"Nokia 800 Tough телефонунун сырты ар түрдүү материалдардан жасалган, полимер, айнек була, металл жана резина бар. Бул телефон катуу жерге тушүп кетсе да эч нерсе болбойт. Ошондой эле жарым саат сууда болгондо да иштей алат. −20 градустан +55 градус температурасында жана башка ар түрдүү учурларда да иштеп кете алат. Телефонду бир күн бою күн алдында же жаан-чачынга койсо дагы эч нерсе болбойт. Бул аппарат кыйын учурларда же активдүү спортту сүйгөндөр үчүн абдан ылайыктуу боло алат", - деп билдирди Nokia компаниясынын өкүлү.

Аталган телефондо интернет да иштейт. Азырынча Европада сатыкка чыгып, баштапкы баасы 109 еврону түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jemile
2019-09-09 12:08:46
Эхх Нокиа,нокиа...ностальгия башталатко нокианы көргөндө...
Атам дагеле нокиа көтөрөт, үнү, звук, заряд деген нерселер укмушда, а биз 3 жолудан жалпактан алмаштык уже...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан