АКШнын Нью-Йорк шаарынын Уолл-стриттеги атактуу буканын эстелигин зыянга учуратышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Белгилүү болгондой, буканы оор зат менен чапканда, анын оң жак бети сынып кеткен. Полиция бул ишти жасаган адамды колго түшүрүп, 42 жаштагы жаранга бир канча берене боюнча айып тагылды.
Айтылуу буканын эстелигин италиялык скульптор Артуро ди Модик шаар бийлигине айтпай эле 1989-жылы Нью-Йорктун фондалык биржанын имаратынын маңдайына орнотуп койгон. Ал муну шаарга жасаган белеги деп түшүндүргөн. Полиция алгач эстеликти алып койгон, бирок коомчулуктун таасиринен улам аны Уолл-стритке орнотууга мажбур болушкан. Ошондон бери аталган бука Нью-Йорктун эң таанымал эстеликтеринин бири болуп саналат.