Эртең Комуз күнүнө карата өлкөдө бир катар иш-чаралар өткөрүлөт

Эртең, 9-сентябрда Кыргыз өлкөсүндө Комуз күнү белгиленет. Бул күндү белгилөө боюнча өлкө аймагында бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, республика боюнча аймактарда жана коомдук жайларда, мекеме ишканаларда комуз күүлөрүн жаңырып, атайын иш-чаралар өтөт.

Иш-чаралардын тизмеси:

-"Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү" аттуу илимий-практикалык конференция. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Бишкек. Башталышы: 10:00

- Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылгановдун айкелинин алдындагы эскерүү иш-чарасы, Бишкек. Башталышы:12:30

- “Комуз-улуттук сыймык” аттуу залкар комузчулардын көргөзмөсү, Улуттук филармония. Бишкек, башталышы: 16:30

- Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында “Таңшы комуз” аттуу Гала концерт. Бишкек, башталышы: 18:00

Ар аймактардын коомдук жайларында, мекеме ишканаларда комуз күүлөрүн жаңырып турат. Быйылкы жылы Комуз күнү биринчи жолу белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан