Быйыл калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн 350 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев билдирди.
"Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча 2019-жылы 500 миллион сом бөлүнөт деп пландалган. Азыркы учурда 350 миллион сом бөлүндү. Дагы 150 миллион сом каражат бөлүнөрү күтүлүүдө. Былтыр 250 миллион сом бөлүгөн", - дейт Токтошев.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында "Жалал-Абад шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация системдерин реабилитациялоо" долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралууда.