Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылында 71 жаштагы сыныкчынын жансыз денеси өз үйүнүн короосунан табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү болжол менен 04:30 чамасында болгон. Анда каза болгон аялдын 12 жашар небереси үй өрттөнүп жатканын айтып, кошуналарына жардам сурап барган.
"Ыкчам-тергөө тобу барганда короодо аялдын жансыз денеси жатканын көрүшкөн. Маркум көмкөрөсүнөн жаткан жана бир жарым метр алыстыктан канга боёлгон бычак табылган. Анын денесине сырттан кароо жүргүзгөндө артына 9 жолу миздүү нерсе менен сайылганы аныкталган. Аялдын буту жана чачы күйгөн. Үйдүн 30 пайызы күйүп кеткен. Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ошондой эле бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Учурда 3-4 версиянын негизинде тажрыйбалуу кызматкерлер кылмыштын бетин ачуу максатында иштеп жатышат", - деп билдирет басма сөз кызматынын өкүлү.
Буга чейин Өзгөн районунда 70 жаштагы сыныкчыны өлтүрүп, үйүн өрттөп жиберишкенин маркумдун атын атагысы келбеген кошунасы билдирген.