Хабиб Нурмагомедов Инстаграмдагы катталуучуларынын саны боюнча Ольга Бузованы ашып өттү

Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Орусиядагы Инстаграмдагы катталуучулары эң көп колдонуучу аталды.

Анын баракчасына жазылгандардын саны кескин түрдө өсүп жатат. Ал катталуучуларынын саны боюнча белгилүү ырчы Ольга Бузовадан ашып өткөн. Тагыраагы, буга чейин Ольга Бузова Инстаграмдагы баракчасына катталгандардын саны боюнча алдыңкы орунда тургандыгы менен белгилүү.

Учурда Бузованын Инстаграм баракчасына 16 миллион 300 миң адам катталган. Ал эми Нурмагомедовдун баракчасына жазылгандардын саны 16 миллион 400 миңге жетти.

Хабиб Нурмагомедовдун баракчасына жазылгандардын саны анын UFC 242 турниринде америкалык Дастин Порьени жеңип, чемпиондук курун коргоп калгандан кийин көбөйө баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurik929394nur
2019-09-09 13:48:08
Адам койбойсо эмне болот акча тушобу же алжактан да?
+1
Aibek8992
2019-09-09 16:00:35
Nurik929394nur,ооба да, катталуучулардын саны канчалык коп болсо,чон фирмалар реклама бере баштайт,чон акча тушот. Роналду Мессилер бир эле реклама кылганына миллиондорду алат да.
+1
kechirmeni
2019-09-09 14:01:17
ото коп акча тушот
+2
Burubek
2019-09-10 11:59:11
Vahaaaa
0
Burubek
2019-09-10 11:59:23
Qahaaaa
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан