Интернетке Сүймөнкул Чокморовдун жаңы айкелинин сүрөттөрү тарады. Колдонуучулар бул жолу ыраазы

Актёр жана сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморовдун жаңы айкели жасалып, учурда иш процесси жүрүүдө. Жасалып жаткан айкелдин сүрөттөрү социалдык тармактарга тарады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына айкелдин автору Азамат Абдрахманов эмгектин толук бүтө электигин айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

"Учурда сүрөтчүнүн айкелин жасап жатам. Айкел толук бүтө элек. Скульптураны даярдоо үчүн коло керектелип жатат. Айкелдин бийиктиги 3 метрди түзөт", - деди ал.

Интернет колдонуучулары эстелик жакшы жасалганын жана ал актёрдун чыныгы жүзүнө окшош болгонун айтып, алкоо сөздөрүн жазып жатышат.

Азамат Абдрахманов буга чейин жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Москва шаарына орнотулган айкелин жасаган.

СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги 2017-жылы 9-ноябрда Чүй кең көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишине, "Ала-Тоо" кинотеатрынын чыгыш тарабындагы скверге коюлган.

Бирок Чокморовдун эстелиги өзүнө окшошпой калганы коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, сын-пикирлер айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bektur2011
2019-09-09 14:17:58
эми окшошуптур кайдагы бир кишини коюп койду
+3
Mister-X
2019-09-09 19:20:08
Атамбаевдин убагында окшошпой калган айкелдерди койдурбай коюуга мамлекеттин алы жетпеди.Ал убакта баарын акча ойногон.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан