Депутат өлкөдө канча авариялык абалдагы мектеп бар экенин анализдөө керектигин айтты

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.

Анда депутат Дастан Бекешев өлкөдө авариялык абалдагы мектептер көп экенин айтты. “Элге жакшы көрүнөлү деп мектептер, бала бакчалар ачылат дегендей сөздөр айтылат. Албетте, мектептер, бала бакчалар керек. Бирок бизде мүмкүнчүлүк барбы? Мектептердин көпчүлүгү СССР убагында курулган. Көп мектептер авариялык абалда болушу мүмкүн. Канча мектеп авариялык абалда экени боюнча так маалыматыбыз жок. Анализ жасоо керек”, - дейт депутат.

Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер Каныбек Исаков айтылган сунуштарды жазып алганын айтып, анализ жасай турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Absamat-90
2019-09-09 14:59:21
Каныбек Исаков кыйын инсан ОшМуну бутка тургузган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан