Окурман: "Оштон Москвага уча турган каттам алты жарым сааттан бери кармалууда". Аэропорттун жообу

Бүгүн, 9-сентябрда "Ош" эл аралык аэропортунан эртең менен саат 09:00дө Москвага учат деген каттам дагы деле кармалууда" деп окурман SUPER.KG порталына кайрылган.

"Эртең менен саат 9:00дө Москвага уча турган каттам алты жарым сааттан бери уча элек. Жүргүнчүлөр күтүү залына киргизилген бойдон отурушат, алардын курсагы ачып, нааразычылыгын айтышууда", - деген окурман.

"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы бул учак "Урал эйрлайнс" авиакомпаниясына таандык экенин жана учак белгиленген убактан кеч келип конгонун билдирди.

"Урал эйрлайнс" авиакомпаниясынын учагы саат 12:30да гана келип конгон. Жүргүнчүлөрдү каттоо эми гана аяктап калды. Эмне себептен белгиленген убакта келбегенин компаниянын өзүнөн такташ керек", - деди аэропорттун маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gulia90
2019-09-09 17:31:33
Бул авиа компаниядан билет албаш керек экен, 20 августта да ушундай болгон, 9 саат олтурдук. Шылтоолоору "кечигип конду ", деген ошондо да. Курсагыбыз ачып олтуруп , 9 сааттан кийин самолетко чыксак, тамак ашын сатты бизге(((. Бул авиакомпания вообще конулду калтырды.
+2
Mister-X
2019-09-09 18:15:05
Ооба,менин келинчегим уч балам менен 20 августта Оштон Москвага билет алган.Аябай кеч учкан.Ушул компанияга билет албай эле койгула.
+2
Suzak12
2019-09-09 23:20:57
Туура билет албай койсок эле оздоруно келип калат туугандар.
+1
raykray
2019-09-10 00:02:34
Аэропорттун маалымат кызматы билиш керекда баарын! Компаниянын озунон билиш керек деген эмне жооп?!(
+1
Azatbek.Svoboda.
2019-09-10 12:30:37
Бекерчилер диванда жатып алып ар нерсени жаза бересинер.Мактап кайра ошону жамандап.Билип билбей жаза бербегиле.Анында бир эмеси бардыр.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан