УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы кадрдык маселелерге кийлигишип жатканы тууралуу маалыматы бар экенин айтты.
Ал жергиликтүү бийликке мындай көрүнүшкө жол бербөө тапшырмасын коюп, кийлигишүүлөр болсо атайын кызматка кабарлоо керектигин эскертти.
"Президентибиз да "менин кадрымды ал, тигини кой" деген кийлигишүүлөр болуп жатыптыр" деп айтып, атайын тапшырма берди. Аларга жол бербегиле. Бул силерге болгон, биринчиден, сураныч, экинчиден, тапшырма. Өзүңөр дагы бош болсоңор анан, албетте, алар моюнуңарга минип алат. Кадрларды өзүңөр тандагыла", - деди Ташиев Базар-Коргон шаарында МИКтин көп кабаттуу батиринин курулушун текшерүү учурунда.
УКМК башчысы 9-июлдагы Оштогу жыйынында да жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине кайрылып, Жогорку Кеңештин депутаттарын кадр маселелерине кийлигиштирбөөнү тапшырган. Анда бир катар эл өкүлдөрүнүн аты аталган.