7-августта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде 2020-жылга чейинки маданият тармагындагы өнүгүү стратегиясынын долбоору талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Стратегия 2013-2017-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясында көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат. Коюлган максатка жетүү үчүн башкаруу системин оптималдаштыруу, мамлекеттик эсеп жана тармактык статистика, каржылоо булактарын диверсификациялоо, тарыхый-маданий мурастарды эсепке алуу, коргоо жана өнүктүрүү, кесиптик искусствону өнүктүрүү, илим, билим жана методикалык коштоо, эл аралык кызматташтык багыттары аныкталды. Кеңешменин жыйынтыгында жакынкы аралыкта маданият жана искусство ишмерлери менен бирдикте долбоорду кеңири коомдук талкууга коюуну уюштуруу белгиленди.