Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковду шайлашты

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковду шайлашты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Исаковдун ишине ийгиликтерди каалады. Ал эми Каныбек Исаков ишенимди актап, таза иштеп бере турганын айтты.

Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

4-сентябрда мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган. Акыркы учурда Билим берүү жана илим министрлигине жана анын жетекчилигине карата коомчулук тарабынан сындар күчөгөн эле. Жакында эле Нарын облусундагы контейнер мектептин ачылыш аземи социалдык тармактарда талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан