Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламентке өтүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин палатасына жетпей жатканын айтты.
Эгерде босоголук чек 9 пайыз бойдон калса, парламентке бийликке жакын партиялар келип, оппозициялык жана жаңы партиялар өтпөй калып, бийликтеги баланс бузулат деген кооптонуулар күч алууда. SUPER.KG порталы "Парламентке өтүү үчүн босоголук чек 9 пайыздан төмөндөшү керекпи?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев босоголук чек 9 пайыз болгону туура эмес. "Босоголук чекти төмөндөтүү керек. Себеби 9 пайыз албаган партиялар өтпөй калат деген туура эмес. Бул жалпы элдин укугун бузгандыкка жатат. Эки же үч партия өтүшү керек деп ачык айтып жатышат. Бул дагы туура эмес талап. Эмне үчүн бийликтин партиясы өтүш керек? Парламентке өтүү үчүн босоголук чек болбошу шарт. Боло турган болсо 3 пайыздан ашпашы зарыл", - дейт Чолпонбаев.