Арзыбаган эле нерсе үчүн муштумун түйүп, ала көөдөн көкүрөгүн керип, көчөдөн мушташа кетүү акыркы кездерде кадыресе көрүнүшкө айланып бараткандай. Тилекке каршы, мындай көрүнүштөр адам өмүрүнүн кыюлуусу же саламаттыкка чоң залал келтирүу менен аяктаган учурлар бар. Дегеле кимдер муштумуна ишенип көчөдөн күчүн чыгарат? SUPER.KG бул суроо менен белгилүү спортчуларга жана машыктыруучуларга кайрылды.
Өлкө намысын талашкан белгилүү спортчуларды тарбиялап өстүргөн машыктыруучу, Грепплинг федерациясынын президенти Кенжебек Чекиров муштум менен маселе чечкендер менен күрөшүү бүтүндөй коомдун көйгөйү экенин айтат.
"Күрөшүп машыгып тер төгүп жаткан балдар машыгуу учурунда бардык ооруларды өздөрү сезип көрүп, бирок залдан үйрөнгөндөрүн көчөдөгү адамдарга көрсөткөнү аябай терс көрүнүнүш. Себеби сырттагы адам ал соккуну көтөрүүгө даяр эмес болот да. Бардык машыктыруучулар клубдар, спорттук уюмдар укук коргоо органдарын чакырып, атайын түшүндүрүү сабактарын өткөрүп турушу керек. Баарын эле машыктыруучуларга шылтап койгондо деле болбойт. Мисалы, окуучуларым эртең менен же кечинде машыгууда болсо, калган убакта бош убактыларын кандай өткөрөт мен ал үчүн жооп бере албайм да. Бул бир гана милициянын же журналисттердин же биздин көйгөй эмес, бүтүндөй коомдун көйгөйү деп айтсак болот", - деди Чекиров.
Эрежесиз эр уруш боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону мушкер Канат Келдибеков “үй-бүлө күтүп, чоң спортко келгенден кийин көчөдөн мушташпай калдым” дейт.
"Мен мурда көчөдө көп мушташчумун. Сөздөн сөз чыгып ызылдаша кетесиң анан мушташууга туура келет. Бирок эмнегедир үйлөнүп, анан чоң спортко келгенден кийин үй-бүлөңдү балдарыңды ойлоп көчөдө мушташкың келбейт. Көчөдө муш менен маселе чечкендерге кайрылат элем, мушташып эмне табасыңар? Өзүңөргө анан ата-энеңерге эле зыян. Ушунчалык эле мушташкыңар келип жатса мына залга келгиле, спортчу жигиттер менен алышып бугуңар чыгып калат", - деди Келдибеков.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов машыгуу залында начар машыккан спортчу гана көчөдө мушташып маселе чечет деген пикирде.
"Залда жакшы машыккан бала көчөдө мушташууга күчү калбай деле калат. Эгер ал көчөдө мушташып маселе чечип жатса, демек, ал начар спортчу. Эгер мушташууну кааласаң рингге чык, ал жакта эч кандай чек болбойт. Мен көчөдө мушташкандарга толугу менен каршымын", - деди Воинов.
Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы нейрохирургу Советбек Сатиев ооруканага кайрылгандардын 30-40 пайызы ар кандай мушташтардын кесепетинен кайрылышарын жана мушташуунун айынан денеге келтирилген зыяндар түбөлүктүү болуп калышы мүмкүн экенин билдирди.
"Биз кайрылгандардын ичинен биринчи орунда авто кырсыктан жабыркагандар жана мушташып, токмок жеп кайрылгандар басымдуулук кылат. Күнүнө 3-4 мушташып жаракат алгандар кайрылышат. Мушташуунун кесепетинен баш сөөктүн жабыркашынан жана башка соккулардан улам көз көрбөй же кулак укпай калуусу мүмкүн", - деди Сатиев.
Кеп соңунда өзүн көчөдө эр жүрөк сезген эрендер машыгуу залынан анча-мынча алган тажрыйбасын алдынан чыга калган адамга эмес, эл аралык мелдештерге жумшаса деген ойду айткым келди.