Депутат Бажы кызматынын төрагасынын орун басарын суроолорго кыргыз тилинде жооп берүүсүн талап кылды

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Пирматов өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго министрлерди кыргыз тилинде сүйлөшүн талап кылышы керектигин айтты.

“Мамлекеттик тилди качан сыйлайбыз? СССР убагында шаарда төрөлүп, орус класста окуган айрым аткаминерлерге айла жок. Бажы кызматынын төрагасынын орун басары кыргыз тилинде жакшы эле сүйлөйт экен. Кыргызча сүйлөңүз дегенде макул деп айткан. Бирок суроолорго кайрадан эле орусча жооп берип жатат", - деди Пирматов.

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунусова "ЕАЭБге кошулуу процессинин алкагында Кыргыз мамлекетине техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда өзүн кыргыз тилинде тааныштырып, суроолорго орусча жооп берүүгө уруксат сураган. Анда Пирматов ага "кыргызча жакшы эле сүйлөйт экенсиз, мамлекеттик тилде эле жооп бериңиз" деп кайрылган. Мамбетжунусова макул деп жооп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан