"Кыргыз аялга үйлөнсөм бизнесимдин баарын тартып алып, өзүмө айтпай ажырашып кетти" дейт түштүк кореялык ишкер

Бүгүн, 13-сентябрда Түштүк Кореядан келген ишкер Ли Хи Ман өлкөдөгү укук коргоо органдарына нааразы экенин айтып чыкты. Бул тууралуу ал “SUPER MEDIA” пресс-борборундагы маалымат жыйын учурунда айтты.

Ли Хи Мандын айтымында, ал Кыргыз өлкөсүндө кыргыз аялга үйлөнгөн. Бирок аялына болгон ишеними акталбаганын журналисттерге айтып берди.

"Ал Ысык-Көлдүн Тоң районунан эле. Менин бизнесим жакшы жүрүп жатканда, ал аймактагы көптөгөн адамдарга жардам көрсөтүп жүрдүк. Кийин Түштүк Кореянын Кыргыз мамлекетиндеги ассоциациясына ишке орношуп калдым. Бул учурда бизнеске убактым болбогондуктан, ишкерликти жүргүзүүнү аялыма ишенип дайындап, жардам берип турарымды айттым.

Көп өтпөй аялымдын көзүмө чөп салып жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм. Көз алдымда үй-бүлөм талкаланып жатканына жүрөгүм ооруду. Бирок аялым эми андай иштерге барбай турганын убадалап, кепилдик катын жазып берген. 4 ай өткөндөн кийин ал менин мүлктөрүмдүн баарын туугандарына өткөрүп, өзү сотко ажырашуу тууралуу арыз жазып, ал жердегилер бизди ажыраштырып койгонун билдим", - деди ал.

Ошондой эле түштүк кореялык жаран бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылганын, бирок алар бул ишти териштирбегендигин, тескерисинче анын акчасын алып, коркута башташканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bond02
2019-09-13 11:29:10
Ха ха, жайлаптыр кыргыз аял. Вот башка улуттун эркектерине кыргыз кыздары эмне учун тийет.
+10
sher90kgz
2019-09-13 11:32:24
Биздин катындар сени эмес озубузго да устубузго суу куйат ишти ишенип таштасак.так что ишенбе,бизде бир соз бар, сырында аялына айтба,койнунда жаткан аялын кийин душман чыгат.
+17
Aiba90
2019-09-13 11:45:58
sher90kgz,Биздин дегенин? Сен ошондо озундун апан эжен карындашын жонундо айтып жатасынбы?.
-4
tular
2019-09-13 12:40:36
Aiba90, катын туурасында соз болуп жатат, апа же карындаш эмес... Создун маанисин тушунуп жазсан?!
Кыргызда соз бар аялына сырынды ачпа деген...
+5
Aiba90
2019-09-13 12:45:23
tular,Ошол апасыда бироонун катыны болобу ошондо?
+1
sher90kgz
2019-09-13 14:29:13
Aiba90,сен баарын озундун апана же эжене теней бербеда,ооба туура менин апам ошол сыяктуу зат бирок адеби журум туруму башка.эгер бироо жаман иш кылса уруша албайсын да апана же эжене тенеп,просто туура тарбия бериш керек аял затка,аял суу сыяктуу кайсы тарапка бурсан агып кеттеберет.
+1
Hatali
2019-09-13 20:24:40
sher90kgz,
-2
Dembele84
2019-09-13 12:10:28
Хотя бы ушул жердешибиз куйоосунон озу кетип и бизнесин да ала кетиптир.А так постоянно иностранецтерге алданып журушчу кордолуп
+15
zhykyo
2019-09-13 13:44:18
Жарайсын
+2
KAYRATBEK
2019-09-13 14:47:27
Ой мактангандар акылынар барбы. Бир мусулман аял бир мусулман эмеске эрге тийгени намысынарга тийбей атабы. Хахалап жыргаганынар бул намысынар жок экендин белгиси. Биз Кыргыздар ото бузулуп баратабыз. Аялдарыбыздын баары кочодо. Эркектер баары мас. Э уятынар барбы??????
+7
Jelezo
2019-09-13 15:43:50
Кө.үгү кымбат катынга жолугупсунда.
+2
Kamchybek-007
2019-09-13 16:27:45
Кыргыздарды уят кылыптыр эми Кореяда бизге кысым болбосо эле болду бир катынды деп көп адам депортация же айлыгынан кол жууйт карап тургула
+3
Samatalibei
2019-09-13 20:18:00
Тондун аялы тондуруп кетиптирда.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан