Жыл башында Билим берүү жана илим министрлиги жаңы окуу жылына карата мектептер жаңы, заманбап окуу куралдары менен 83 пайыз камсыздала турганын билдирген. Жаңы китептер келип, мектептерге таратылгандан кийин жарандык активисттер окуу китептеринде орунсуз каталар көп экенин айтып чыгышкан.
Быйылкы окуу жылында көбүнчө 5-6-класстардын кыргыз тили, математика китептеринен каталар табылган. Сентябрь айында окуу жылы башталары менен мектептерге ката жазылган китептер түшкөн. Бул тууралуу ата-энелер жана мугалимдер социалдык тармактар аркылуу билдирип жатышат.
Алардын бири Суусамыр өрөөнүндөгү Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин мугалими Элмира Койчукеева китептеги каталарды оңдоо мугалимдерге кошумча түйшүк болгонун жазган.
"Бизге Билим берүү министрлиги тарабынан китептерде ката кетирилгени айтылып, аны оңдоо тууралуу тапшырма келген. Мугалимдер ар бир китепти текшерип, ката кеткен жерлерин оңдоп, тиешелүү тараптарга жибердик. Бизге кошумча жумуш болуп, оорчулук алып келди. Эң жөнөкөй көнүгүүлөрдөн эле каталар кеткен", - деген ал.
Мындан улам SUPER.KG порталы аталган абал боюнча министрликтин жана тиешелүү тараптардын үнүн угууга аракет кылды.
Билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов катасы бар китептер чын эле болгонун, аны оңдоо тууралуу министрлик ачык тапшырма бергенин айтты.
"Билим берүү министрлиги китепканачыларга жана мугалимдерге китептердин каталарын оңдоо боюнча ачык эле тапшырма берген. Союз учурунда деле эгер китепте каталар кетип калган болсо, кичинекей барак чаптап, түзөтүү киргизип коюшчу. Бирок ал учурда ката дээрлик кетчү эмес. Ал эми азыр китептерде каталар көп кетип жатат. Кээ бир китептерде ката аз болсо, кээ бир китептерде бир баракка чейин каталар бар экен. Аларды өз көзүм менен көрүп, күбө болдум. Бул китептер Индия өлкөсүнөн талаш-тартыш менен басылып келген китептер”, - деди Токтомаметов.
Ал эми Ош шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы орто мектебинин китепканачысы Бурулча Сатыбалдыева төмөнкүлөргө токтолду.
"Ооба, ката китептер биздин китепканага түшкөн. Китептердин текстинин ичинен бир тамгадан, бир сөздөн же сүйлөмдөн кеткен каталар бар. Аларды карап, туурасын китептин мазмунуна тиркеп койгула деген тапшырма болгон. Шаардан "бул китептерде, мындай каталар бар, аны оңдогула" деп, оңдолгонун көрсөткөн далилдери менен кошо кагаздарды жөнөтүшкөн. Бирок китептер окуучуларга таратылып кеткендиктен, алардан китептерди жыйнап алып карагыла деген тапшырма болду, - деди ал.
Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылып, натыйжалуу жооп ала алган жокпуз. Министрликтин маалымат катчысы Марина Гречанная кыскача төмөнкүлөргө токтолду.
"Авторлор басма үйлөрү менен бирге бул ишти бүтүрүшү керек болгон. Анткени ал экөөнүн ортосунда келишим болот. Министрлик бул суроого азырынча жооп бере албайт", - деди ал.