Бийик тоолуу жайыттардагы жарандарды куткаруу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бийик тоолуу жайыттардагы жарандарга жардам берүү, ири мүйүздүү жана майда мал-жандыгын баккандарды ылдый түшүрүү боюнча маселени караган жыйында билдирди.
"Ушул жылдын 10-сентябрына караган түнүндө аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана кардын түшүшүнө байланыштуу алардын көпчүлүгү оор кырдаалда калды. Учурда бийик тоолуу жайыттарда калган жарандарды жана малды ылдый алып келүү боюнча тийиштүү кызматтар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш алып барууда. Негизгиси – адам өлүмүнө алып келген жок. Ал эми сууктан өлгөн малды бардык нормаларды жана талаптарды аткаруу менен утилизациялоо керек", - деди Кубатбек Боронов.
Биринчи вице-премьер-министр өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Суусамыр өрөөнүндө арпанын түшүмүн оруп-жыюуга жетишпей калган дыйкандарга жардам берилерин белгиледи.
"Ошондой эле 10-сентябрда болгон катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жана Ак-Суу районундагы турак жайлар жана чарбалык жайлар зыянга учурады. Каракол шаарында 49 турак жай, Ак-Суу районунда 9 үй зыянга учурады. Мындан тышкары, айрым чарбалык жана административдик имараттар зыян тартты. Учурда келтирилген чыгым эсептелүүдө. Турак жайы камсыздандырылган жарандар жакынкы арада тийиштүү төлөмдөрдү ала алат. Муну менен катар табият кырсыгынан мүлкү зыянга учураган жарандарга насыя боюнча мөөнөтүн жылдыруу маселесин коммерциялык банктар менен иштеп чыгуу керек", - деди Боронов
Биринчи вице-премьер ошондой эле бийик тоолуу аймактардагы жолдор менен каттай турган айдоочулар автотранспорт каражаттарынын техникалык даярдыгына жана коопсуздук чараларын сактоого өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.