Акыйкатчы Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым мүчөлөрү калыс чечим чыгара албайт деген пикирин айтты

Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында акыйкатчынын 2018-жылы аткарган иши боюнча отчёту каралууда.

Депутат Курманкул Зулушев акыйкатчы Токон Мамытовго: “Кой-Таштын жашоочулары менен жолуккан экенсиз. Анда Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия акыйкат чечим чыгара албайт деп айтыптырсыз”, - деп кайрылды.

Токон Мамытов бул тууралуу айтканы чын экенине токтолду. “Кайра тактап карап көрсөңөр, комиссиянын айрым мүчөлөрү деп айткам. Алар тууралуу дагы деле ошол ойдомун. Комиссиянын мүчөлөрүнүн баарын сыйлайм. Бир кезде камалып, кайра акталган адам калыс чечим чыгарат дегенден алысмын. Бир адам үчүн комиссиянын ишине шек жаралып калышы мүмкүн”, - дейт Токон Мамытов.

Курманкул Зулушев жалпы комиссиянын мүчөлөрүнө күмөн жаратпай ким экенин так айтуусу керектигин белгиледи.

Токон Мамытов Кубатбек Кожоналиев тууралуу айтып жатканын билдирди. “Убагында Кубатбек Кожоналиев Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен биргеликте жоопко тартылып, кийин акталган”, - дейт Мамытов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Akshumkar
2019-09-17 13:20:48
Туура Токон мырзы так коркпой айттыныз
+1
altyn-kumush
2019-09-17 14:20:26
Комиссия туура чечим чыгарат. Көп дөөрүй бербегиле.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан